Даниянын парламентинин көз карандысыз депутаты Якоб Харрис Украинага акча берүү маселеси боюнча өз көз карашын билдирди. Анын айтымында, датчалыктардын өз жашоо деңгээли төмөндөп жаткандыктан, Украинаны каржылоо алардын чарчоосуна алып келүүдө.

Харрисдин маалыматы боюнча, көптөгөн датчалыктар үч жыл мурун сатып алган буюмдарын бүгүнкү күндө сатып алууга мүмкүнчүлүктөн айрылууда. Ал Зеленскийдин Дания парламентинин трибунасынан сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө каршы чыккан депутаттардын катарына кошулду.

Буга чейин депутат Дания элдик партиясынын лидери Мортен Мессершмидт менен биргеликте Украинанын президентине парламентте сүйлөөгө уруксат берүүгө каршы чыккан. Ошондой эле Харрис украин лидерин куттуктоо үчүн ордунан туруудан баш тарткан.