Ийненин сол өпкөнүн бронхтарына түшкөнү текшерүү учурунда белгилүү болду. Дарыгерлердин ыкчам аракети натыйжалуу болуп, ийнени чыгарып алышты. Учурда оорулуу аял үйүнө жөнөтүлдү.
Торакалдык хирург Уланбек Токтахунов мындай окуялар көп кездерерин айтып, элди этият болууга чакырды. Ал ийнени ооздо кармап жүрүүдөгү адаттын коркунучтуу экенин белгиледи.
Эң көп кездешкен себеп — жолук тагынуу же кийим тигүү учурунда ийнени ооздо кармап жүрүү адаттуу. Эгер адам ошол учурда сүйлөп же күлүп жиберсе, абанын агымы ийнени түздөн-түз өпкөгө соруп алат.











