16-ноябрда Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде адвокат Ш. А. бычак менен жараланып, ооруканага жеткизилген. Бул тууралуу Turmush агенттиги өз булактарына таянып билдирди.
Ош облустук ооруканасынан алынган маалыматка ылайык, бейтаптын денесиндеги жаракаттардын мүнөзү аныкталды.
Азыркы учурда жаракат алган адамдын абалы туруктуу экени айтылууда.









