Ош мэриясы эки ай мурун баштаган «Автосуз бир күн — жумушка велосипед менен» челленджи жыйынтыкталды. Сынакка катышкандар күн сайын жумушка велосипед менен барып, сапарларын видео тартып турган. Бул демилге шаардыктар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана ден соолукту чыңдоо максатын көздөгөн.
Сыйлык тапшыруу аземи 7-октябрда өттү. Жеңүүчүлөргө заманбап үлгүдөгү велосипеддер берилди. Мэриянын маалыматы боюнча, сынакка күнүмдүк жумушка велосипед менен каттап, видеолорун бөлүшкөн тургундар катышты.
- 1-орун — Диана Умаралиева;
- 2-орун — Замирбек Эрнусбек уулу;
- 3-орун — Алмаз Маликов.
Челлендж шаар тургундарын автоунаадан баш тартып, экологиялык жактан таза транспортко өтүүгө үндөдү. Уюштуруучулардын пикиринде, мындай акциялар жарандардын кыймыл аракетин арттырып, айлана-чөйрөгө да оң таасирин тийгизет.










