Ош шаарында «Ак-Тилек» кичи районунда белгисиз аял үйдүн алдындагы декоративдик арча бактарын кесип, жок кылганы видеого түшүрүлгөн. Бул видео кыска убакыттын ичинде социалдык тармактарда кеңири жайылган.

Видеодо аял арча дарактарды кесип жаткан көрүнүштөрү тартылган. Социалдык тармактын колдонуучулары анын жүрүм-турумуна себептерин түшүнбөй, мүмкүн ал оорукчулукка кабылган деп болжолдошууда.

Колдонуучулар ошондой эле аял зыян келтирген бактарды калыбына келтирүүгө тийиш деген пикирде болушкан.