«Евразия» эл аралык сыйлыгы биринчи жолу Евразия өлкөлөрүн бириктирген сыйлык болуп саналат. Ал өлкөлөр ортосундагы кызматташууну жогорулатууга салым кошкон адамдар менен уюмдарды баалайт.
Жаңы этаптардын графиги
- 30-августка чейин — арыздарды кабыл алуу
- 7-27-сентябрь — эксперттердин баалоосу
- 5-13-октябрь — ачык эл аралык добуш берүү
- 13-15-октябрь — долбоорлорду жюри алдында коргоо
- 15-октябрь — жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи
Уюштуруучулар сыйлыктын талапкерлерин 30-августка чейин арыз тапшырууга чакырды. Ким катыша алаары жана талаптар тууралуу маалымат кошумча сунушталат.

