Кыргызстандын аймагында жер астындагы термелүүлөр акыркы мезгилде көбөйүүдө. Бул окуялар жарандардын коопсуздугуна байланыштуу кошумча суроолорду жаратууда.
Адистердин айтымында, жер титирөөнүн качан жана кандай күч менен болорун так алдын ала айтууга мүмкүн эмес. Ошентсе да, окумуштуулар учурдагы сейсмикалык активдүүлүктүн деңгээлин жана ага кантип көзөмөл кылуу керектигин түшүндүрүп беришти.
Учурда өлкө боюнча сейсмикалык активдүүлүк туруктуу мониторинг режиминде жүргүзүлүүдө. Бул жер титирөөлөрдүн динамикасын байкап турууга жана кооптуу кырдаалдарды аныктоого мүмкүндүк берет.






