29-июлда Бакай-Атин районунун мамлекеттик администрация башчысы Нурлан уулу Аргенди Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысы катары дайындоо жөнүндө буйрук чыгарды.
Нурлан уулу Арген мурун муниципалдык кадрлар резервинен тандалып алынган талапкерлердин ичинен тийиштүү кызматка коюлду.
Бакай-Атин районунун мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Замир Надырбаев жаңы жетекчини айыл өкмөтүнүн коллективине тааныштырды.
Надырбаев Аргенге ийгиликтерди каалап, Биримдик айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо боюнча маанилүү милдеттерди жүктөдү.




