Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мамлекеттик медиалар менен жолугушууда 1960-жылдары курулган имараттар тарыхый мааниге ээ эмес экенин белгиледи.

Министр 1960-жылдардагы типтүү тургун үйлөр, оорукханалар жана башка курулуш объектилери убакыттын өтүшү менен эскирип, адам коопсуздугуна коркунуч туудурарын айтты.

Аталган абалга байланыштуу Бишкек шаарында реновацияны жүргүзүү зарылчылыгы пайда болуп, ведомство бул иш үчүн атайын программаны иштеп чыкмакчы.

Ранее по темеБишкекте «Хизб ут-Тахрир» РЭОнун болжолдуу 12 мүчөсү кармалды

Ошондой эле Орунтаев көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын ремонттоо тууралуу маселе көтөрүлүп жатканын белгилеп, бул иштерде көп учурда тургундар нааразы экенин кошумчалады.

Ал жанында турак жайлардын фасаддары аянты үй ээлерине таандык экендигин айтып, алардын тейлөө жана ремонт иштерин биринчи кезекте өздөрү жоопкерчиликтүү жүргүзүшү керектигин баса белгиледи.