Ноо-Кат районунун Т. Кулатова айылдык аймагында минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ири завод курулууда. Бул заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгарууга эсептелген.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, долбоор үч этапта ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө курулуштун биринчи этабы аяктап, административдик имараттын ачылышы болгон.
Заводдун ишке кириши 2026-жылдын сентябрь айында пландалууда. Андан кийин өндүрүш толук кубаттуулукта иштеп, жергиликтүү жана эл аралык рынокторго минералдык жер семирткичтерди жеткирет.









