Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди чыгарчу жаңы заводуг куруу пландалууда. Бул демилгени ишке ашыруу максатында ОАО "Кыргыз Агрохолдинг" менен Кытайдын Улуттук электротехникалык корпорациясы (CNEEC) ортосунда меморандум түзүлдү.

Жаңы заводдун жылдык өндүрүш кубаттуулугу 600 миң тоннаны түзөт. Бул ири инвестиция өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана керектүү жер семирткичтердин жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган.