АКШ президенти Дональд Трамп Американын Соода өкүлчүлүгүнө Бразилияда импорттун көпчүлүгүнө 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Марко Рубио билдирди.
Марко Рубионун айтымында, бул кадамдын негизги себеби — бразилиялык президент Луис Инасиу Лула да Силванын жана анын өкмөтүнүн АКШ менен сүйлөшүүлөрдө ачык жүрбөшү болуп саналат. Анын айтымында, Лула бир жыл ичинде өзүнүн жеке кызыкчылыгын Бразилия элинин пайдасынан жогорура кылып койгон.
The New York Times кабарлагандай, бул тарифтер этанол сыяктуу миңдеген бразилиялык товарларга таасирин тийгизет, бирок негизги экспорттук категориялар — нефть, газ, апельсин жана учак бөлүктөрүнө тиешелүү жок.














