25-ноябрда Нарын шаарында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейд жүргүзүлгөн. Бул учурда Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын жээгинен күзөтсүз калган аттардын тобу табылган.
Милициянын билдирүүсүнө ылайык, табылган жаныбарлар коопсуздук үчүн убактылуу атайын жаткан жерге (загонго) жайгаштырылды. Учурда укук коргоо органдары аттардын ээлерин издөө иштерин жүргүзүүдө.











