Нарын облусунун Мин-Куш айылында көмүрдү тазалоочу жана сапатын жакшыртуучу углеобогаттоочу фабриканын курулуш иштери жүрүүдө. Бул долбоордун жалпы наркы 300 млн сомду түзөт.
Фабрика жылына 1,7 миллион тонна көмүрдү иштетүүгө жөндөмдүү болот. Иштеп чыккан көмүрдүн сапаты жогорулап, күйүү учурунда абага бөлүнгөн зыяндуу заттар азаят.
“Мин-Куш Энергиясы” ишканасынын башкы директору Шейшенбек Коксаев берген маалыматка караганда, аталган фабрика Улан-Батор шаарындагы тажрыйбага негизделип курулууда. Мындай ыкма көмүрдүн булганышын азайтуу боюнча натыйжалуу чечим катары бааланууда.
Фабриканын ишке киргизилиши 2026-жылдын октябрына пландалган. Иштеп чыккан көмүр Бишкек, Чүй облустары жана өлкөнүн башка аймактарына жеткирилет.


