Агулак кенинде көмүрдү жууп, байытуучу фабрика курулууда. Бул долбоордун баасы 300 миллион сомдон ашык каражатты түзөт. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ААКсынын башкы директору Рустамбек Садыралиев «Биринчи радиосунда» маалымдады.
Садыралиевдин айтымында, фабриканы 2026-жылдын башынан бери жеке инвестор өз каражатынын эсебинен куруп жатат. Жаңы ишкана жылдын аягына чейин ишке кирүүсү күтүлүүдө. Эгерде долбоор ийгиликтүү болсо, аны өкмөттүн пландарына киргизип, «Кара-Кече» жана башка кендерде да ушундай тажрыйбаны кайталоо сунушталат.
300 000 000 сом долбоордун баасы
Агулак кениндеги жаңы фабриканын болжолдуу наркы
Ишкананын максаты — көмүрдүн майда фракцияларын ири фракциялардан бөлүп алуу жана аны жууп тазалоо. Мындан тышкары, жуунудан өткөн көмүрдү брикеттөө жана 3 кг менен 5 кгдук таңгактарга салуу пландалууда. Бул керектөөчүлөргө отунду тонна менен эмес, аз өлчөмдө сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
Азыркы учурда ишкана брикеттерди чыгаруу үчүн инвесторлорду издеп жатат. Ошондой эле, «Кыргызкөмүр» аткаруучулугуна таандык Торугарт-1 кенинде көмүрдү сорттоо жана байытуучу дагы бир фабрика курулган.









