Бишкекте Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин орун басары Медер Абакиров Словениянын Кыргызстандагы элчиси Аленка Сухадолник менен жолугушту. Жолугушуу Словения тараптын демилгеси менен өткөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, тараптар саясий диалогду активдештирүү, парламенттер аралык жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселелерин караштырышты.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү багытында соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүлүшүнүн келечеги талкууланды.

Бул максатта алдын ала саясий консультацияларды өткөрүү жана эки өлкөнүн ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан бизнес-форум уюштуруу максатка ылайыктуу экени белгиленди.

Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары энергетика, гидроэнергетика жана туризм тандалды. Бул тармактарда тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Словениянын инвестицияларын тартуу каралууда.

Мындан тышкары, тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды, анын ичинде Кыргызстанда биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты. Жыйынтыгында, эки мамлекет ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кызыкчылык тастыкталды.