Юстиция министрлиги жана Финансылык чалгындоо кызматы (Финразведка) юридикалык жактардын бенефициардык ээлерин ачып көрсөтүү талаптарын бузгандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдашы керек. Бул милдет 29-сентябрдагы Министрлер кабинетинин №653 токтому менен бекитилген планга киргизилген.
Бузуу катары бенефициарлар тууралуу маалыматты бербөө, өз убагында жаңыртпоо же анык эмес (ойлоп чыгарылган) маалымат берүү эсептелет. Укук бузуулар кодексине түзөтүүлөр 2027-жылдын биринчи чейрегинде кабыл алынышы керек, ал эми мыйзам юридикалык жактын өзүнө, анын жетекчилерине, номиналдык уюштуруучуларына (акционерлерине) жана жашыруун бенефициардык ээлерине айып пулдарды карашы зарыл.
Документтен
Мыйзам юридикалык жактын өзүнө, анын жетекчилерине, номиналдык уюштуруучуларына жана жашыруун бенефициардык ээлерине айып пулдарды карашы зарыл.
Ошол эле мөөнөттө бардык юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин санариптик реестрин киргизүү пландалууда. Маалыматтар мамлекеттик каттоо учурунда «Тундук» системасы аркылуу текшерилет. Бул ишке Юстиция министрлиги, Финразведка, Президенттин иш башкармалыгы, Салык кызматы, Бажы жана Чек ара кызматтары, УКМК жана Ички иштер министрлиги жооптуу. Максат — кеминде 80% юридикалык жактардын ээлерин ачып көрсөтүү.
Негизги көрсөткүчтөр
2027-жылдын экинчи чейрегинде Юстиция министрлиги, Салык кызматы жана Улуттук статистика комитети юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине инвентаризация жүргүзүшү керек. Бул сериялык жалган директорлорду аныктоого жана иштебей жаткан бир күндүк фирмаларды жоюуга мүмкүндүк берет. Күтүлгөн натыйжа — «кабык компаниялардын» санын 40% кыскартуу.
Министрлер кабинетинин 2022–2024-жылдардагы улуттук тобокелдиктерди баалоосунун жыйынтыгы боюнча, фиктивдүү жана номиналдык ЖЧКларды, жеке ишкерлерди жана кабык компанияларды капиталды чыгаруу жана акчаны накталаштыруу үчүн колдонуу жогорку тобокелдик деңгээлине кирет. Бул чаралар Кыргызстандын ФАТФтын «боз тизмесине» кирүү коркунучун азайтууга багытталган.





