Нацбанк айыл жергесинде жашаган калкка банкомат жок жерде акчаны банк эсебинен дүкөндөрдүн кассалары аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Бул кызмат агенттик банкинг системасы аркылуу ишке ашат.
Нацбанктын төлөм системалары боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Таалайбеков белгилегендей, банктар чоң шаарларда эле эмес, региондордо дагы төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүсү сунушталат.
Калкы аз болгон чакан аймактарда кадимки банкоматтарды орнотуунун ордуна банктар дүкөндөр менен келишим түзүп, алардын кассалары аркылуу акча алууну уюштуруу боюнча альтернатива бекемделүүдө.
Нацбанк безналдык төлөмдөр өсүп жатканына карабастан, адамдарга акчаны кайсы формада алууну же төлөөнү өз алдынча тандап алуу укугу берилгенин дагы баса белгиледи.
Өлкөдө менен селолордо интернеттин жеткиликтүүлүк маселелери жана санарип кармоо коркунучтары дагы бар, ошондуктан Нацбанк акчаны каалаган жол менен алуу эркиндигин колдойт.










