Чүй-Бишкек участогунда транспорт тармагындагы мыйзамдардын так сакталышын камсыздоо үчүн Министрлик атайын чараларды күчөттү.

Транспорт департаментинин милдетин аткаруучу директору Бактыбек Молдобаев мобилдик топтордун кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурду. Ал тиешелүү протоколдорду толтурууда жана мыйзам бузууларды аныктоодо жетишсиздиктер бар экендигин белгиледи.

Кызматкерлер мыйзам бузса, андан ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керек экендиги тууралуу эскертүү берилди жана жоопкерчилик караларын айтты.

Мобилдик топтордун аракетин жакшыртуу максатында 10 күндүн ичинде ишенимдүүлүк жана натыйжалуулук боюнча каралмакчы.

Мындан кийин ар бир кызматкердин иши кайрадан каралып, сапаттуу иштөөгө басым жасалат.