Талас шаарындагы «Нургазы» базарында Регионалдык мамлекеттик архитектуралык курулуш көзөмөл департаментинин башкармалыгы пландоосуз текшерүү жүргүздү.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык башкаруу министрлигинин маалыматына ылайык, бул текшерүү шаар мэриясынан жана Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан түшкөн кайрылуулардын негизинде жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча базар жана анын аймагындагы 73 контейнер тиешелүү уруксат документтери жок иштеп жаткандыгы аныкталды.
Ошол себептен ОсОО «Абакир» деген жамааттык ишкерликке 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды жана мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча тапшырма берилди.








