Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Адылбек Касымалиев 9-июлда №470 токтомго кол коюп, чет өлкөлүк номурлары бар унааларды легалдаштыруу мөөнөттөрүн расмий белгиледи.

Легалдаштыруу 10-июлдан 1-сентябрга чейин өтүп, ошол убакыттан кийин мындай мүмкүнчүлүк берилбей турганы кабарланды. Бул процессти Өкмөттүн алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо мамлекеттик борбору уюштуруп жатат.

Министрликтер жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар арасында координацияны камсыздоо милдеттери жүктөлдү. Мамлекеттик органдар маалыматтарды алмашып, легалдаштырууну колдошу шарт.

Легалдаштырууга Кыргызстандын аймагына 2024-жылдын 31-декабрына чейин кирген, бирок мамлекет тарабынан катталбаган M1, M1G, M2, M2G, N1, N1G жана N2 категориялуу унаалар кирет.

Легалдаштырууга төмөнкү автоунаалар кирбейт: 2024-жылдын 31-декабры боюнча кийин киргендер, эл аралык кыймылда жүргөндөр, убактылуу бажы процедурасы менен же башка бажы режимдеринен өткөндөр, заводдон тастыкталбаган конструкциясы өзгөрүлгөн же рулду оңдон солго которгон унаалар.

Легалдаштыруу үчүн автоунаа VIN-коду же башка заводдук белгиленмеси аркылуу аныкталышы керек, унаа издөөдө болбошу шарт жана идентификация чаралары бузулбашы талап кылынат.

Бишкек шаарында легалдаштыруу борборлору: "Аю Гранд" соода борборундагы шаардык бөлүм, авторынкдагы райондор аралык бөлүм жана "Биримдик-24" жергесиндеги бөлүмдө өткөрүлөт.