Министрлер Кабинети 2026-жылдын 19-ноябрында №874-т буйругу менен 2027-жылкы түшүм үчүн 200 миң гектар жерге кышкы дээл дан өсүмдүктөрүн себүү планын бекитти. Иштерди координациялоо үчүн туруктуу иштеген Республикалык штаб түзүлдү.

Сторис2027-жылкы түшүм үчүн дээл себүү планы бекитилдиСлайддар: 6
  1. 2027-жылкы түшүм үчүн дээл себүү планы бекитилди
  2. Негизги план. 2027-жылкы түшүмдү алуу максатында 200 миң гектар жерге кышкы дээл дан өсүмдүктөрүн себүү пландаштырылууда
  3. 200 миң гектар — дээл себүүчү жердин аянты
  4. 100,2 миң тонна — керектүү дизель майы
  5. Иштердин багыттары: Ири үрөнчүлүк кооперативтерин түзүү; Ички сугат тармактарын даярдоо; Тамчылатып жана жамгырлатып сугарууну колдонуу
  6. Көзөмөл. Экономика министрлиги күйүүчү майлардын баасын көзөмөлдөйт, ал эми ӨКМ азык-түлүк коопсуздугу үчүн дизельдин жеткирилишин камсыз кылат

Жергиликтүү бийлик органдарына бекитилген себүү аянттарын аткаруу, графиктерди даярдоо, айыл чарба техникасын тартуу жана буудай менен арпанын себүүчү үрөндөрүн камсыз кылуу тапшырылды. Үрөндөр себүүгө чейин тиешелүү шарттарга келтирилип, ийнелендирилиши керек.

Керектүү ресурстар жана күйүүчү май

Дээл себүү, талаа иштери жана түшүм жыйноо кампаниясын жүргүзүү үчүн республика боюнча күйүүчү майга болгон муктаждык белгиленди.

Керектүү ресурс

100,2миң тонна дизель
23миң тонна бензин
23,9миң тонна минералдык жер семирткич

Минералдык жер семирткичтердин ичинен 15,8 миң тонна фосфордуу жана 8,1 миң тонна калийдик жер семирткичтер колдонулат.

Сугат жана көбөйтүү иштери

Иштердин алкагында ири үрөнчүлүк кооперативдерин түзүү, ички сугат тармактарын даярдоо жана сууларды суу сактагычтарда топтоо каралган. Ошондой эле тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу менен богар жана эгин эгиле турган жерлерди өздөштүрүү пландалууда.

Экономика жана коммерция министрлигине күйүүчү майлардын баасын көзөмөлдөө жана анын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча тапшырма берилди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азык-түлүк коопсуздугу үчүн дизель майын жеткирүүнү камсыз кылышы керек.