2023-жылдын 13-августунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалдык «Бишкек ТЭЦ» ишканасына барды. Ал күрдөөлдүү күз-кыш мезгилине даярдыкты текшерип, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгүнө таанышты.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Нургазы Курманбеков, «Бишкек ТЭЦ» директору Нурлан Кульджигачев, баш инженер Искандер Кокомбаев, «Бишкектеплоэнерго» жана «Бишкектеплосеть» муниципалдык ишканаларынын директорлору Улан Айтиев менен Уран Раимбеков, ошондой эле Свердлов району боюнча жетекчи Медербек Амангелдиев катышты.