Манас шаарында 13-июль түнү массалык мушташ орун алды. Бул окуя боюнча эки жаран — К.Н. (2002-жылы туулган) жана Б.Ч. (2004-жылы туулган) кармалды.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, эки шектүү Манас шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана аларга карата 96-97-беренелер боюнча кылмыш иши ачылды.
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жана оперативдүү издөө иш-чаралары улантылууда. Башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн аракеттер көрүлүүдө.









