Кыргыз улуттук «Манас» театры сынактардын жеңүүчүлөрү үчүн Түркияга саякат уюштуруу боюнча тендер жарыялаган. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатта 1,8 миллион сом каражат бөлүп берүү пландалууда.
Сапар болжол менен 1-октябрдан 10-октябрга чейин уланат. Тендердик өтүнмөдө Стамбул, Бурса, Памуккале, Каппадокия жана Анкара шаарлары боюнча экскурсиялар, ошондой эле төрт жана беш жылдыздуу мейманканаларда жашоо каралган.
«Манас» театры жөнүндө
Театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана даңазалоо максатында негизделген.
2022-жылы Президенттин жарлыгы менен мекемеге улуттук статус берилген.




