ОАО «Кыргызкомур» жаңы кызматтык унааларды сатып алып, автопаркын жакшыртты. Бул унаалар өзгөчө шарты катаал аймактарда иштөөнү жеңилдетет.
Жаңы 4x4 түрүндөгү внедорожниктер регионалдык филиалдарга бөлүнүп берилди жана алардын эксплуатациясы өндүрүштүк талаптарга ылайык уюштурулду.
Өндүрүштүк натыйжалуулукту жогорулатуу жана жергиликтүү ишкананы колдоо
«Кыргызкомур» компаниясы жергиликтүү өндүрүштү колдоо максатында «Тулпар Моторс» компаниясынан автоунааларды сатып алды. Компания бул кадамды материалдык-техникалык базаны бекемдөө жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү деп мүнөздөдү.





