Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, музейдин бир дагы бөлүгү чет элдик мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес.
Министрлик бул окуя 2026-жылдын 15-августунан 15-ноябрына чейин өтө турган "Гармония кооздукту жаратат: Байыркы кытай цивилизациясынын искусствосу" аттуу убактылуу эл аралык көргөзмө жөнүндө экенин түшүндүрдү.
Долбоор Кыргызстандын Улуттук тарых музейи, Тяньцзинь музейи жана Ички Монголиянын музейлеринин ортосунда түзүлгөн кызматташуу меморандумдарынын негизинде уюштурулууда. Ошондой эле, бул көргөзмө Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата уюштурулганы айтылды.
Ведомство белгилегендей, экспозиция музейдин туруктуу экспозиция залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөр үчүн бөлүнгөн бош аянттарда жайгаштырылат. Музейдин туруктуу экспозициялары кадимки режимде ишин уланта берет.

















