Чолпон дүйнөлүк оюндарынын айрым маданий иш-чараларына кирүү акылы болот. Бул туурасында Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Мамбеталиевдин айтымында, айрым пландалган маданий иш-чараларга катышуу үчүн билет сатып алуу шарттары киргизилди. Бул чечим эл аралык масштабдагы иш-чаранын бир бөлүгү катары кабыл алынган.
Төлөм негизинде кирүү аймактагы маданий майрамдардын сапатын жана уюштуруу деңгээлин жогорулатууга жана каржылык туруктуулукту камсыздоого багытталган.







