Өсүмдүктөрдү химиялоо, коргоо жана карантин департаменти «Кант» аттуу убактылуу сактоо жайында жана «Ак-Тилек» менен «Ак-Жол» фитосанитардык көзөмөл постторунда күтүүсүз текшерүү өткөрдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык көзөмөлдү уюштуруу, кызматкерлердин милдеттерин аткаруу, кызматтык документацияны жүргүзүү жана мыйзамдардын талаптарын сактоо кеңири каралды.
Ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерге алдын алуу, кызматтын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана кызматтык этика эрежелерин катаал сактоо өзгөчө маани берилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында посттордун ишмердүүлүгү жогору бааланып, кызматкерлердин жогорку жоопкерчилиги, кызматтык дисциплина сакталганы жана фитосанитардык көзөмөл иштерин сапаттуу жүргүзгөнү белгиленди.










