Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Первомай жана Ленин административдик райондору боюнча жер амнистиясынын объекттеринин колдонуучуларынын жана менчик ээлеринин тизмеси жарыяланды. Бул иш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген «Жер амнистиясын өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун 15-пунктуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Тизмеге хаос түрүндө курулган топтордо жайгашкан жер участоктору кирген. Алардын ичинде 2021-жылдын 1-декабрына чейин курулган жеке турак жайлар (анын ичинде курулушу аягына чыкпаган объекттер) жана эч кандай курулуш жок жер участоктору бар.

Документтен

Жер амнистиясынын объекттеринин колдонуучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмеси
Бишкек шаарынын мэриясы