Лейлек районунун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ал жерге ири масштабдагы асфальт чыгаруучу заводду куруу каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кенештин отурумунда Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.
Депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусундагы жолдордун абалына нааразычылык билдирген. Анын айтымында, Раззаков айылындагы айлануу жолдун асфальты төшөлгөндөн кийин эки-үч айдын ичинде эле бузулуп, эңкейип калган.
Эгерде жол иштерин кабыл алуу учурунда кемчиликтер аныкталса, Минтранс аларды кабыл албайт, ал эми подрядчылар өз эсебинен кайра жасап бериши керек.
Министр Раззаковдагы жолду текшерүүнү убада кылды. Сапатты көзөмөлдөө үчүн бул жылы аймактык башкармалыктарга кошумча адистер тартылып, лабораториялар сатып алынууда. Ошондой эле Госстрой да көзөмөл жүргүзөт.
Ажыбаев Баткендеги эски заводду Лейлекке көчүрүүнү сунуштаган, бул үчүн 5 миллион сом талап кылынат. Бирок министрдин маалыматы боюнча, учурдагы заводдун кубаттуулугу жетишсиз.
Техникалык жана каржылык көрсөткүчтөр










