Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-ноябрда Минскте өтүп жаткан IV эл аралык Евразия коопсуздугу конференциясынын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Ал Украинадагы атышууну токтотуу боюнча айтылып жаткан чакырыктар тынчтыкка жетишүү максатын көздөбөй турганын баса белгиледи.
Анын айтымында, мындай чакырыктар Киевге дем алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн гана жасалууда. Бул убакыттын ичинде украин тарап тышкы демөөрчүлөрдүн жардамы менен согуштук потенциалын калыбына келтирүүгө аракет кылат.
Мындай чакырыктар Киевге дем алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн гана жасалууда.
IV Минск эл аралык Евразия коопсуздугу конференциясы 3–4-ноябрда өтүүдө. Ага 50 өлкөдөн 600дөн ашык өкүл, анын ичинде Беларустун президенти Александр Лукашенко, КМШ, ЖККУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери катышууда.




















