Кызыл-Киодо күйөөсү ур-токмокко алган аялдын видеосу интернетке тараган. Ишти иликтеген укук коргоо органдары аялдын арыз жазуудан баш тартканын билдирди.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, аял күйөөсүнө каршы кылмыш ишин козгогонго макул эмес.
Бул окуя коомчулукта талкуу жаратканын эске алып, укук коргоо органдары жагдайды көзөмөлдөп жатышат.








