Заманбап технологияларды өздөштүргөн билимдүү жаштар өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Акыркы изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү боюнча, кыз-аялдардын так илимдер жаатындагы билим алуусу жана ага болгон кызыгуусу өсүүдө.

Сайкал Жунушова «Кабар» агенттигине берген маегинде билим берүү тармагындагы инвестициялардын экономикалык натыйжалуулугун башка тармактар менен салыштырып берди.

Эгерде экономикага салынган каражаттар он эсе, ал эми социалдык тармактагы инвестициялар бир-эки эсе гана кайтарылса, анда билим берүүгө жана илимге жумшалган каражаттар жүздөгөн, атүгүл миң эсекей кайтарылат.
Сайкал Жунушова, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун социология жана социалдык иштер кафедрасынын профессору, социология илимдеринин доктору

Кандай багыттар артыкчылыктуу?

Бүгүнкү күндө келечекти түзүү үчүн төмөнкү илимий жана техникалык багыттар өзгөчө мааниге ээ:

  • Инженерия
  • Математика
  • Биотехнологиялар
  • Компьютердик технологиялар
  • Агроөнөр жай сектору

Кыргыз коомунда балдардын билим алуусу ар бир үй-бүлө үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу маселе болуп саналат. Бул багытта ар бир беш жыл сайын жаштардын бакубаттуулугу боюнча масштабдуу социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп турат.