Кытай Евробиримге жаңы соода чектөөлөрү киргизилген учурда жооптуу чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн эскертти. Брюссель чет өлкөлүк товарлардын Европа рыногуна жеткиликтүүлүгүн ыкчам чектөөгө мүмкүндүк берүүчү механизмди иштеп чыгууда.
Евробиримдеги Кытай элчиси Цай Жун Euronews агенттигине берген маалыматына ылайык, Пекин соода-экономикалык мамилелерди саясатка тартууга, улуттук коопсуздук түшүнүгүн негизсиз кеңейтүүгө жана бир тараптуу чектөөлөрдү колдонууга каршы экенин билдирди.
Эгерде Евробирим Кытай компанияларына карата дискриминациялык чараларды киргизүүнү улантатса, Пекин өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн жооптуу чараларды кабыл алууга мажбур болот.
Бул маселе Еврокомиссия тарабынан сооданы коргоо боюнча жаңы механизмди иштеп чыгуу процессинин фонунда көтөрүлүп жатат. Бул механизмди расмий эмес түрдө «өчүрүүчү» (kill switch) деп аташат. Ал башка өлкөлөрдүн соода саясаты Европа экономикасына олуттуу көйгөйлөрдү жараткан учурда, чет өлкөлүк товарлардын рыноктагы ролун тез арада чектөөгө мүмкүндүк берет.
Бул механизмди иштеп чыгууга Франция жана Германия демилгечи болушкан. Алар октябрь айынын башында Еврокомиссияга арзан кытай товарларынын импортунун өсүшүнөн Европа өндүрүүчүлөрүн коргоону күчөтүү боюнча чакырык менен кайрылышкан.
Соода көрсөткүчтөрү









