Европадагы табыт өндүрүүчүлөр биригип, Кытайдан келген импортту иликтөө үчүн Брюсселге расмий кайрылуу жасады. Буга чейин өз алдынча лобби тобу жок болгон өндүрүүчүлөр коалиция түзүп, Европа Комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Politico басылмасына таянып K-News жазды.
Кытай импорту тармак үчүн өлүм өкүмү болушу мүмкүн
Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, кытайлык табыттардын арзан баасы жергиликтүү өндүрүшкө олуттуу атаандаштык жаратат. Кошумчалай кетсек, бажы эрежелериндеги мүмкүн болгон тешиктер импорттун көлөмүн көзөмөлсүз көбөйтүшү ыктымал.
Табыт рыногу Европада эң туруктуу жана алдын ала айтылуучу рыноктордун бири катары эсептелет. Бирок атаандаштыктын күчөшү тармактын келечегине шек туудурууда.


















