Кыргызстанда 2025-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин "жашыл коридор" деген атайын режим иштөөдө. Анын негизинде мыйзамсыз орун алгандардын өлкөдөн чыгып кетүүсү жеңилдетилди жана аларга айып төлөмдөр салынбайт.
Министрликтин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдиргендей, бул чара буга чейин 2025-жылы биринчи жолу колдонулуп, ал кезде 9 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран «жашыл коридор» аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен.
Азыркы учурда Кыргызстанда мыйзамсыз жайгашкан болжол менен 5 миңга жакын чет элдик жарандар жашоодо. Анын ичинен 13-июлга карата 500гө жакыны өлкөнү мыйзамдуу жол менен таштап кетти.









