Акыркы жылдары чет элдик жана ички инвестицияларды тартуу Кыргызстандын экономикалык саясатынын негизги багытына айланды. Өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, өндүрүштү кеңейтүү, энергетикалык потенциалды пайдалануу жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча демилгелер активдешти.

Мындай шартта инвестициялык агымдын өсүшү экономикалык өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү катары каралууда. Чет элдик капиталдын көбөйүшү өлкө экономикасына жаңы дем берет, бирок маанилүүсү инвестициянын көлөмү эле эмес, анын сапаты жана мамлекетке экономикалык кайтарымы.

2025-жылдагы көрсөткүчтөр жана динамика

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1 млрд 310,8 млн АКШ долларын түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 27,3 пайызга көп.

Инвестициялардын көлөмү (АКШ доллары)

1,31 млрд2025-жыл
537,6 млн2020-жыл
709,9 млн2026-жылдын биринчи жарымы

2020-жылы бул көрсөткүч 537,6 млн долларды гана түзгөн. Демек, алты жылдын ичинде түз инвестициялардын көлөмүндө олуттуу өсүү тенденциясы байкалууда.

2026-жылдын алгачкы жарымындагы абал

2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар түз чет элдик инвестиция келип түшкөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2 пайызга көп.

Бул көрсөткүч инвесторлордун Кыргызстанга болгон кызыгуусу туруктуу деңгээлде сакталып жатканын көрсөтөт.

Сырткы инвестициялар жөнүндө сөз кылып жатып, биз алардын улуттук экономикага кошкон зор салымын белгилешибиз керек.
Равшанбек Сабиров, Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси, «Кабар» агенттигине берген маегинде

Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров «Кабар» агенттигине берген маегинде чет элдик инвестициялардын улуттук экономикага кошкон салымын баса белгиледи.