Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, экстрадиция Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Грузиянын ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттешүүсү аркылуу ишке ашты. Эки жаран эл аралык издөөдө жүргөн, аларга алдамчылык боюнча айып тагылган.

Алардын бири — Т.К. аттуу жаран. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал расмий документтерди жасалмалап, Көк-Жар айылындагы 27,9 гектар жер тилкесине укук белгилөөчү документтердин дубликаттарын алган. Андан соң ал жерди үчүнчү жактарга мыйзамсыз саткан.

Экинчи экстрадицияланган жаран — Н.Т. Ал жасалма документтерди колдонуп, унаага мыйзамсыз ээлик кылып алган деп шектелүүдө. Кийинчерээк ал унааны үчүнчү жактарга сатып, жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Эки жаран тең Грузиядан Кыргызстанга Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда алынып келинип, тергөө абагына киргизилди.