Кыргызстанда Жалпы өлкө боюнча аялдардын саны эркектерге караганда көбүрөөк. Бирок айрым облустарда эркек балдардын төрөлүшү көп байкалууда.
Болгону төрт аймак — Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын менен Талас облустарында эркек балдардын төрөлүшү кыздардыкынан жогору экенин Улуттук статистикалык комитет билдирди.
2026-жылдын башына карата өлкөдө эркектердин саны 3 миллион 664 миң, аялдардын саны болсо 3 миллион 740 миң адамды түзөт. 2025-жылы да өлкөдөгү аялдардын саны эркектерге караганда көп болгон.










