Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллионго жетти.

Ошол учурда кыргыздар жалпы калктын 77,8% же 5,76 миллион адамды түзүп, өлкөнүн эң ири этникалык тобу бойдон калды.

Экинчи орунда 1,06 миллион адам менен өзбектер турат, алардын үлүшү 14,3% түзөт, ал 2022-жылга салыштырмалуу орточо өсүштү көрсөткөн.

Ал эми орус улутундагылар 270,2 миңге чейин азайып, үлүшү 4,1%дан 3,6%га түштү.

Этникалык калк санын бөлүштүрүү (2026-жылдын башы)

5,76 млнКыргыздар
1,06 млнӨзбектер
270,2 миңОрустар
71,9 миңДунгандар
64,9 миңТажиктер
35,4 миңУйгурлар
29,5 миңКазактар
24,3 миңТүрктөр

Башка этникалык топтордун ичинен дунгандар, тажиктер, уйгурлар, казактар жана түрк улутундагылар да Кыргызстан калкынын бир бөлүгүн түзөт.