Кыргызстанда тоого чыккан альпинисттер тобу менен байланыш үзүлүп, аларды издөө иштери башталды. Жоголгондордун арасында Беларусь Республикасынын эки жараны да бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу Беларусь Республикасынын ОНТ маалымат агенттиги билдирген.

Маалыматтарга ылайык, альпинисттер Корумду чокусуна (бийиктиги 6613 метр) чыгышкан. Алар 4-августта өз операторуна базалык лагерге түшө баштаганын кабарлашкан, бирок ошондон бери эч кандай байланышка чыгышкан эмес.

Альпинисттер белгиленген убакытта контролдук пунктка келген эмес. Учурда аларды табуу үчүн кеңири масштабдагы издөө-куткаруу операциясы жүргүзүлүүдө. Беларусь альпинизм федерациясы кыргызстандык кесиптештерине жардам сурап кайрылган.