Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло жолукту.

Жолугушууда кыргыз-европалык кызматташтыкты өнүктүрүү, айрыкча ирригациялык жана суу чарба инфраструктурасын жаңыртуу, суу үнөмдөөчү технологияларды жана санариптештирүүнү киргизүү боюнча долбоорлор талкууланды.

Европалык союз, Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы сыяктуу финансылык уюмдар аркылуу жалпы 86 миллион евродон ашык суммадагы долбоорлор ишке ашырылууда.