Кыргызстандын балбаны Алмаз Орозбеков Азия чемпионатынын 23 жашка чейинкилер арасындагы турниринде 75 килограмм салмак катарында күмүш медалын утту.

Турнир 16-июль күнү индонезиянын Джакарта шаарында аяктап, ага жалпы 7 спортчу катышты.

10-июлда мелдешти баштаган Орозбеков биринчи беттеште Тайбэйден келген атаандашын 5:0 эсебинде утуп алды.

Ранее по темеКыргызстандык боксчу Алмаз Орозбеков Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди

Жарым финалда ал Өзбекстандык спортчу Абдулазиз Абдулхамидовду теңдешсиз күч менен 5:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Ал эми финалдык беттеште казакстандык Аман Консбеков менен күч сынашып, үч раунддун корутундусунда 4:1 эсебинде жеңилип, экинчи орунду камсыздады.