Мырзакир Кошалиев Азиянын жаштар (U-23) чемпионатынын финалдык беттешине чыгып, өзүнүн салмак категориясында кыргыз спортунун өкүлү катары чоң ийгиликке жетишти.

Чемпионат Индонезиянын Джакарта шаарында өттү. Мырзакир 90 килограммдан жогору салмак категориясында күч сынашып, бул категорияда беш спортчу катышкан.

Кошалиев биринчи 1/4 финалдык беттеште Кореянын спортчусуна каршы жеңишке жетишип, 2-раундда атаандашынын каршылык көрсөтүүдөн баш тартуусу менен жеңди.

Андан соң жарым финалда Индиядан келген спортчу Ишан Катариа менен беттешип, 5:0 эсебинде айкын жеңүүчү болду.

16-июлда өткөн финалда Мырзакир Кошалиевге Өзбекстандан келген Озодбек Алиев каршы турат.

Эскерте кетсек, буга чейин дагы кыргызстандык Алмаз Орозбеков 75 килограммга чейинки салмак категориясында финалга чыккан.

Чемпионат жыйынтыгында Мырзакир Кошалиев финалда үч раунддан кийин узбек боксчусуна аз добуш менен утулуп, күмүш медалга ээ болду.