Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Жарандардан кайрылууларды иштетүү борборуна күн сайын болжол менен 1,5 миңге жакын кайрылуу келип түшөт. Бул тууралуу «Биринчи радио» аркылуу министрликтин консулдук департаментиндеги үчүнчү катчы Нургазы Джумалиев билдирди.

Кайрылуулар тууралуу 80 пайызга жакыны документтерди даярдоо менен байланыштуу. Жарандар баланын туулганын каттоо, документтерди алуу же калыбына келтирүү жана консулдук кызматтарды колдонуу тууралуу суроолорду беришет.

Ошондой эле оор кырдаалдар тууралуу кабарлар да келип турат. Мисалы, чет өлкөдө дайынсыз жоголгон жарандар, кармоолор же аэропорттон учууга мүмкүн болбогон учурлар тууралуу маалыматтар консулдук мекемелерге ыкчам жеткирилет.

Тышкы иштер министрлиги кайрылууларды иштетүүнүн бир бөлүгүн санариптештирген. Электрондук консул системасы аркылуу кабыл алууга алдын ала жазылууга, документтердин тизмесин жана кызмат көрсөтүүнүн баасын билүүгө, ошондой эле арыздарды даярдоого мүмкүнчулүк бар.

Консулдук кызматтарда

33кызмат түрү
4онлайн жеткиликтүү кызматтар