Ашхабад шаарында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Туркменистандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маммет Акмаммедов менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтыктын кеңири спектри талкууланды.
Транспорт тармагы эки өлкөнүн күн тартибиндеги негизги багыттардын бири экени белгиленди. Кыргызстан эл аралык транспорттук жолдордун кесилишинде стратегиялык маанилүү позицияны ээлеп, транзиттик коридорлорду диверсификациялоого жана мультимодалдык ташууларды кеңейтүүгө артыкчылыктуу көңүл бурууда.
Биз Туркменистанды кыргыз жүкчөлөрүнүн Каспий регионуна жана Европага чыгуусун камсыз кылуу үчүн чоң потенциалга ээ болгон маанилүү транзиттик өнөктөш катары карайбыз. Эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуу жүк ташуунун географиясын кеңейтүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жардам берет.
Учурда «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» стратегиялык маанилүү темир жолу курулууда. Бул долбоор ишке ашса, «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Туркменистан — Азербайджан — Европа» деген жаңы мультимодалдык транспорттук коридорду түзүүгө жол ачылат. Бул маршрут товарларды жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга жана эл аралык ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, Туркменбаши эл аралык деңиз портунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу маселеси каралды. Кыргыз тарап Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту боюнча жүк ташууларды уюштурууда бул портту кеңири пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди.
Туркменистандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маммет Акмаммедов «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушун колдоп, кыргыз тарапка Туркменбаши эл аралык деңиз портун колдонуу үчүн жеңилдетилген шарттарды берүүгө даяр экенин айтты.











