Бүгүн, 26-ноябрь күнү, Финансылык рыноктук кызматтарды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик (Финнадзор) «НСК» жабык акционердик коомунун камсыздандыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча лицензияларынын иштеши токтотулганын билдирди.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Финнадзордун көзөмөллөө ыкмаларын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды.
Финнадзордун пресс-кызматы

«НСК» компаниясы рынокто 2007-жылдан бери иштеп келет жана өлкөдөгү эң ири камсыздандыруу уюмдарынын бири болуп саналат. Компания өзүнүн расмий сайтында камсыздандыруунун бардык түрлөрү боюнча лицензиялары бар экенин жарыялаган.