Кыргызстандык иштеп чыгуучулар акча которуулардын кадимки ыкмаларын өзгөртүүнү көздөгөн жаңы долбоорду иштеп чыгышты. Бул тиркеме криптокапчык менен мессенджердин мүмкүнчүлүктөрүн бир жерге топтойт.
Номад ТВ каналынын маалыматы боюнча, колдонуучулар чаттын ичинде эле бири-бири менен баарлашып, ошол эле учурда криптовалюта которууларды аткара алышат. Учурда долбоор бета-тестирлөө этабынан өтүп жатат.
Бул жаңы технология Кыргызстандын ички рыногу менен гана чектелбестен, эл аралык деңгээлде да колдонулушуна багытталган.





