Россиянын Северодвинск шаардык ооруканасынын реаниматологу моргдо кайрадан ойгонуп калган карыя бейтапты өлтүрүүдө шектенүү алдында турат. Бул окуя боюнча тергөө органдары кылмыш ишин баштоодо.
Жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашы боюнча, тергөөчүлөр дарыгер карыя аялды катачылык менен каза болду деп эсептеп, денесин моргго жөнөткөн деп болжолдошууда. Ал жерде аялдын тирүү экени байкалып, тез арада жардам көрсөтүү үчүн реаниматолог чакырылган.
Айрым маалыматтарга таянса, келген дарыгер өзүнүн катасын жашыруу үчүн аялга өлүмгө алып келген препаратты киргизген. Бул аракет натыйжада аялдын өлүмүнө алып келген.
Учурда дарыгерге Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин «Алсыз абалда турган адамды атайылап өлтүрүү» беренеси боюнча айып предъилденди. Кылмышкер кармалып, камакка алынды.
Бирок, дарыгер өзүнүн күнөөсү бар экени менен жана адвокаты берилген айыптар менен макул эмес экени белгиленди.







